fbpx

Технополис - тиричилик техникасынын кеңири тандоосу, эң арзан баалар, бөлүп төлөөнүн жана насыянын ар кандай варианттары

Товарлар каталогу

Каталогду жашыруу

Жаңылыктар

  • Бөлүп төлөөнүн ар кандай варианттары!

    «Технополис» компаниясы, товарды бөлүп төлөөнү баштапкы төлөмү менен жана баштапкы төлөмү жок, банк кызматын колдонуу менен бирге банктын кызматысыз алуу үчүн ар кандай...

 

Көңүл буруңуздар!
Күндүн товары
televizor_yasin_led-43ud81

Сыналгы
Yasin LED-43UD81

 

 

Бөлүп төлөө
ар кандай шарттары!
бытовая техника в рассрочку

 

Төлөм жана жеткирүү

ТАПШЫРЫКТЫ ЖОБОЛОШТУРУУ

Тапшырыкты бир нече ыкма менен жоболоштурууга болот.

Сайтта:

  • Товарды тандап алыңыз жана товардын жанындагы «Баштыкка салуу» же «WhatsApp аркылуу» деген баскычты басып, аны баштыкка кошуңуз.
  • Сайттын жогорку оң бурчундагы Баштыкка кириңиз.
  • «Тапшырыкты жоболоштуруу» деген баскычты басыңыз.
  • Атыңызды, телефонуңуздүн номурун жана жеткирүүнүн дарегин киргизиңиз (керек болсо, кошумча дарек).
  • Төлөмдүн жолун тандаңыз.
  • Жеткирүүнүн жолун тандаңыз.
  • «Тапшырыкты тастыктоо» деген баскычты басып, оператордун чакыруусун күтүңүз (15 мүнөткө чейин).

Телефон аркылуу:

0 (500) 700 305 (О!)

0 (999) 700 305 (Megacom)

Mессенджер аркылуу:

WhatsApp 0 (500) 700 305 (же товардын жанындагы «WhatsApp аркылуу» деген баскычты басыңыз).

WhatsApp 0 (999) 700 305

Telegram 0 (500) 700 305

Кеңседе:

Бишкек ш., Кожевенная көч., 74/25 / «Дордой» базары, 24/1

Электрондук почта аркылуу:

Email: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮ ЫКМАЛАРЫ

Алынган товар үчүн бир нече ыкма менен төлөм жүргүзүү мүмкүн.

 

ЖЕТКИРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ

«Технополис» компаниясы Бишкек шаары боюнча чабармандар кызматы аркылуу товарларды, наркы 2 000 сомдон жана андан жогору, жеткирүүнү төмөнкү ирет менен акысыз жүргүзөт:

  • Эгерде тапшырык саат 9:00-дон 15:00-го чейин кабыл алынса, жеткирүү күндүн экинчи бөлүгүндө жүргүзүлөт.
  • Эгерде тапшырык саат 15:00-дон 21:00-го чейин кабыл алынса, жеткирүү кийинки күндүн биринчи бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Чабармандын милдети: Чабарман кардардын көрсөтүлгөн дареги боюнча тапшырыкты ташуу коштомуна ылайык жеткирүүгө милдеттүү. Кардар менен бирге товардын тышкы жана ички бузугунун бар жоктугун жана паспортко ылайык приборлордун комплекстеринин толуктугун чогу текшерип чыгат. Төлөмдү кабыл алат.

Тактоо:

  • Салмагы 30 кг чейинки өлчөмдүү жүктөрдү көп кабаттуу үйлөргө көтөрүп чыгууда төлөмдөн тышкары бир кабатка 50 сомдон төлөнөт.
  • Салмагы 30 кг ашык чоң көлөмдүү жүктөрдү көп кабаттуу үйлөргө көтөрүп чыгууда төлөмдөн тышкары бир кабатка 100 сомдон төлөнөт.

Буюмду коммуналдык түйүндөргө кошуп берүү жана орнотуу, комплектүүлүгүн чогултуу, буюмдун аткаруу милдетин түшүндүрүү чабармандын милдетине кирбейт.

«Технополис» компаниясы акы төлөп жеткирүүчү товарларды Бишкек шаарынан тышкары төмөндөгүдөй иретте жеткирүү кызматында ишке ашырат:

Бишкек шаарынан тышкары тапшырыкты жеткирүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап бир күндүн ичинде аткарылат. Төлөм нак акчалай же банк аркылуу алдын ала которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн).

Чүй облусуна тапшырыкты жеткирүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап эки күндүн ичинде аткарылат. Төлөм нак акчалай же банк аркылуу алдын ала которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн).

Бишкек шаарынан тышкары жана Чүй облусу боюнча тапшырыкты жеткирүү наркы жеке иретте жеткирүү кызматы менен алдын ала сүйлөшүлөт.

Областык борборлорго товарларды жөнөтүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап үч күндүн ичинде аткарылат. Төлөм алдын ала банк аркылуу которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн). Тапшырыкты жеткирүүнүн наркын жана келген жүктүн координаттарын жүк алып келем деген ташуучу менен жекече сүйлөшүлөт.